Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

ЕАЭБдин электрондук эмгек биржасын ачуу долбоору каралууда


ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары.
ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары.

Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) электрондук эмгек биржасын түзүү пландалууда. Бул тууралуу маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) расмий сайтына жарыяланды.

Анда Москвада комиссиянын жыйыны өткөнү, Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин эмгек биржасы тууралуу сунушу каралганы айтылат.

ЕАЭК коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян электрондук аянтча жумуш издегендерге жана жумуш берүүчүлөргө маалымат алмашып, келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты. Учурда мындай ыкманын келечеги кандай болору изилденип жатат.

ЕАЭБге Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия кирет. Калкынын жалпы саны 182 миллион адам. (RK)

XS
SM
MD
LG