Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Кыздарын Сириядан күткөн кыргыз жараны


Сириянын Ракка шаарынан чыгып бараткан аялдар. 5-апрель, 2017-жыл.
Сириянын Ракка шаарынан чыгып бараткан аялдар. 5-апрель, 2017-жыл.

Эки кызы, жубайы Сирияга кеткен кыргызстандык жаран аларды кайтарып алып келе албай убара. Ушул тапта Сириядагы күрт лагерлеринде отурган кыргызстандык кыз-келиндер бийликке кайрылып, мекенге алып кетүүнү суранышты.

Кара-Балта шаарынын тургуну Рамаз Сариевдин эки кызы жана жубайы беш жыл мурун Сирияга кетишкен. Алгач 16 жана 18 жаштагы кыздары Интернеттен азгырылып, ата-энесине айтпай кетип калышкан.

Атасынын айтуусунда, кыздар Түркияга кетерде жүрүм-туруму өзгөрүп, хижаб кийип, намаз окуп калышкан.

- Аларды «Египетке чоң илим аласыңар, окууга барасыңар» деп алдап, азгырышыптыр, - деп түшүндүрдү атасы. - Муну кыздарым эми айтып жатышат. Мен алардын кеткенин билерим менен эле бир жумага жетпей Түркияга бардым. Полициясына да, прокуратурасына да кайрылып, алар менен издегенче кыздарым Сирияга чыгып кетишиптир. «Сириядабыз» деп кабар беришти. «Кайткыла» десем көнүшкөн жок.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бойго жетип калган эки кыз Сирияга барары менен күйөөгө чыгышкан экен. Аларды кайтарып келүүгө жети айдан кийин апасы жөнөгөн, аялдын эки айлык боюнда болгон.

- Кыздарым апасын чакыра беришти, - дейт Рамаз Сариев. - Кичүү кызымды көрсөтпөй, «апа, сен келсең ага да барып, чогуу болобуз» деп улуу кызым чакырып атты. Көрсө атайын ошондой кылышат экен. Сентябрда келинчегим баргандан кийин ал да бири алты, бири төрт айлык кош бойлуу кыздарыма каралашканы калып калды. Мен келинчегимдин көзүнөн эле абал жаман экенин байкадым. «Кайткыла, согуштун арты жаман, тирүүңөрдө кайткыла» деп кайтара албадым. Келинчегим да ошол жакта төрөдү, азыр Мусаб аттуу уулум төрткө чыгып калды. Кыздарымдын экиден балдары бар. Күйөө балдарым согушта өлүптүр.

Сирияда халифат курууну көздөгөн «Ислам мамлекети» террордук тобу алсырап, четинен талкалана баштаганда кыздар улам бир шаарга качып, баш калкалап жүрүшөт. Рамаз Сариевдин кыздары да беш шаарды которуп, абал оор болуп кеткенин айтып, атасынан куткарып алууну сурана башташат.

- Мен аларды алып чыгуунун жолдорун издей баштадым, - дейт ал. – «Чечендер өз жарандарын алып кетип жатат» деп угуп, алардын өкүлү Сабсаби менен сүйлөштүм. Бирок ал «убактылуу токтотуп койдук» деп койду. Кандайдыр бир жол менен улуу кызым чек арага чыгып келе жатып, күрттөрдүн колуна түшөт. Ошол бир жылдан бери кызым эки баласы менен ошол лагерде. Лагерде кызымдын жанында дагы бир карабалталык 60 жаштагы аял да эки небереси менен отурат.

Ушу тапта Сириядагы күрт лагерлеринде отурган кыргызстандык кыз-келиндер да бийликке кайрылып, мекенге алып кетүүнү суранышты. Алар Казакстандын бийлиги өз жарандарын алып кетип жатканын, ошолор менен да чыгып кетүүгө аракет кылышканын, бирок майнап болбогонун айтышууда.

- Казакстандан буларга кагаз келген, ар биринин аты-жөнү жазылган. Ар бирине Казакстан убактылуу паспорт жасатып келди. Ошол паспорт боюнча алып кетет, - деген кайрылуу ушул тапта ошол лагерде жашаган дагы бир кыргызстандык келиндин атасынын телефонуна «WatsApp» аркылуу келген.

Андагы маалымат боюнча азыр качкындар лагеринде кыргызстандык беш аял балдары менен жашап жатат. Балдардын так саны тууралуу маалымат жок.

Сирия менен Ирактагы согушта 500дүн тегерегинде кыргызстандык бар экени айтылат.
Сирия менен Ирактагы согушта 500дүн тегерегинде кыргызстандык бар экени айтылат.

Коңшу казак бийлиги Сириядан 47 жараны эвакуация болгонун 9-январда кабарлаган. Ага ылайык, аскерлер 5-6-январь күндөрү «Жусан» деп аталган операциянын алкагында Сириядан бир жаштан беш жашка чейинки 30 баланы, 11 аялды жана алты эркек кишини кайтарышкан. Расмий Астана Сириядан казак жарандарын кайтаруу боюнча «операциянын» чоо-жайын жана аны кайсы мамлекеттер менен өнөктөштүктө өткөргөнүн ачыкка чыгарган жок.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов жогоруда айтылгандай кайрылуулар бар экенин тастыктап, «Азаттыкка» тиешелүү иш-аракеттер көрүлүп жатканын билдирди:

- УКМК Тышкы иштер министрлиги менен чогуу иш алып барып жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

УКМКнын былтыр июль айындагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. «Ислам мамлекетине» кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар. Алардын көбү балдарын ээрчите кеткен же ошол жактан балалуу болушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG