Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюну. 21-январь, 2019-жыл
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын оюну. 21-январь, 2019-жыл

Азия кубогу: БАЭ Кыргызстанды 3:2 эсеби менен утту

21-январда Футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын командалары беттешти. Оюн Абу-Даби шаарындагы "Шейх Зайид" стадионунда өттү.

Футбол күйөрмандары: калыстын чечимине нааразы болдук
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:48 0:00

Валерий Кичин: Биз ойлогонубуздай оюн көрсөтө албай калдык

Футбол боюнча Азия кубогунун алкагындагы 1/8 финалдык беттеште Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары Кыргызстанды 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга өттү. Оюндан кийин Кыргызстан курама командасынын капитаны Валерий Кичин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “ак шумкарлар” жаман эмес оюн көрсөттү деген пикирин айтты.

- Биз пландагандай оюн көрсөтө алган жокпуз. Биз чабуулдарды пландаганыбыз менен коргонууда көп туруп алдык. Андыктан ушундай эсеп болуп калды...

Ошондой эле Кичин Азия кубогундагы Кыргызстандын командасына мындай баа берди:

- Биз мында биринчи жолу плей-оффто ойнодук. Мен ойлойм бул жакшы жетишкендик. Бирок, алдыга умтулушубуз керек. Биз оюнубузду жакшыртып, кийин 1/4 финал, 1/2 финалга аракет кылабыз.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун 1/8 финалында ойноду.

Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу.

5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Азия кубогу: Кыргызстан чейрек финалга өтө алган жок

Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларынын 1/8 финалындагы оюну аяктады. Анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту. Беттеш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадионунда 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталган.

Эки команданын беттеши курч мүнөздө жүрүп, кошумча убакыт дагы берилди. Кыргызстандык баяндамачылар футбол калысынын айрым чечимдерин сындап жатышат.

Оюнда алгач талаа ээлери эсепти ачып, 13 – мүнөттө кыргызстандыктардын дарбазасына гол киргизишти. Кийин 26-мүнөттө “Ак шумкар” командасы эсепти теңеп, ишенимдүү оюн көргөзүүгө өттү. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары оюндун 65-мүнөтүндө Кыргызстандыктарга дагы бир гол киргизгенге үлгүргөн. Бирок Кыргызстан оюндун акыркы 91-мүнөттүндө эсепти теңеп, калыс кошумча убакыт берүүгө аргасыз болду.

Бир саам тыныгуудан кийин 30 мүнөттүк кошумча тайм башталып, оюндун 103 – мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Калыс кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты деген жүйө менен пенальти тебүүнү дайындаган.

Кыргызстандык баяндамачылар “ак шумкарлар” Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен тең тайлаша, жакшы оюн көрсөткөнүн белгилеп жатышат.

1/8 финалдык оюндар 20-январда башталып, андан утуп чыккандар чейрек финалда ойношот. Ошентип, Кыргызстан кийинки беттештерге ойноого мүмкүнчүлүк ала алган жок.

5-январда башталган Азия кубогу 1-февралда жыйынтыкталат.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы өз тарыхында биринчи жолу Азия кубогунун 1/8 финалында ойноду.

Буга чейин "ак шумкарлар" бул турнирдин тандоо бөлүгүнөн ары өтө албай келген болчу.​

Алгачкы айлампада кыргыз футболчулары Кытай, Түштүк Корея жана Филиппин менен таймашкан. Алар кытайлар менен корейлерден утулуп, филиппиндиктерди жеңген жана финалдын 1/8 бөлүгүнө чыгышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG