Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен болгон оюндан кийин мындай пикирин билдирди:
- Кыргызстандыктардын колдоосу үчүн рахмат. Команданын оюнчуларына, машыктыруучуларына, медициналык, административтик штабга жана тиешелүү бардык тараптарга ыраазычылык билдирем. Биз жакшы иш жасадык. Тилекке каршы, турнирден четтеп калдык. Калыстардын ишин талкуулабайм. Бизде аягына чыгаруучу жакшы учурлар болду. Албетте, алар үчүн өкүнүп жатабыз. Каршылаштарыбызга караганда көбүрөөк адаштык. Бирок, бир нерсени билем – биз туура жолдо баратабыз. Мындан ары алдыга жылабыз. Жалпы турнирдеги таасир жакшы. Мен биз мындан жогорку баага татыктуубуз деп ойлойм. Муну баары көрдү. Биз жогорку деңгээлдеги оюндардан жакшы тажрыйба алдык жана бул мындан аркы өнүгүүбүзгө жардам болот, – деди Крестинин.
Футбол боюнча Азия кубогундагы беттештердин алкагында финалдын 1/8 бөлүгүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) футболчуларынын оюну аяктады. Анда 3:2 эсеби менен Бириккен Араб Эмираттары утту. Беттеш Абу-Даби шаарындагы “Шейх Зайид” стадионунда 21-январда Бишкек убактысы боюнча кечки саат 11де башталган.
Эки команданын беттеши курч мүнөздө жүрүп, кошумча убакыт да берилди. Кыргызстандык баяндамачылар футбол калысынын айрым чечимдерин сындап жатышат.
Оюнда алгач талаа ээлери эсепти ачып, 13-мүнөттө кыргызстандыктардын дарбазасына гол киргизишти. Кийин 26-мүнөттө “Ак шумкар” командасы эсепти теңеп, ишенимдүү оюн көргөзүүгө өттү. Ал эми БАЭ оюндун 65-мүнөтүндө кыргызстандыктарга дагы бир гол киргизгенге үлгүргөн. Бирок Кыргызстан оюндун акыркы 91-мүнөттүндө эсепти теңеп, калыс кошумча убакыт берүүгө аргасыз болду.
Бир саам тыныгуудан кийин 30 мүнөттүк кошумча тайм башталып, оюндун 103-мүнөтүндө талаанын кожоюндары “ак шумкарларга” пенальтиде гол киргизди. Калыс "кыргыз командасынын оюнчусу каршылашын атайын жөөлөп кулатты" деген жүйө менен пенальти дайындаган.
Кыргызстандык баяндамачылар “ак шумкарлар” Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен тең тайлашып, жакшы оюн көрсөткөнүн белгилеп жатышат.