Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Соцфонд: пенсионерлер алты ай сайын каттоодон өтүп турушу керек


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда пенсиясын банктардан алган пенсионерлер алты ай сайын Социалдык фонддон же өзү пенсия алган банктан каттоодон өтүп турушу керек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди:

- Бул пенсионерлер үчүн кошумча түйшүк эмес. Тескерисинче, пенсиясын банктан алган пенсионерлердин акчасы өзүнө тийсин деген максат. Буга чейин өзү каза болуп калып, балдары анын банк картасы менен пенсиясын алып жүрө берген окуялар катталган. Бул боюнча прокуратура иш да козгогон. Же болбосо пенсионер бир жакка кетип калат, анын пенсиясын небереси, баласы, келини банк картасы менен алып жүрө берет. Өзү акчасын ала албайт калат, - деди Ирсалиев.

Пенсионер пенсиясын өзү алып жатканын тастыкташ үчүн жанында паспорту же пенсиялык күбөлүгү болушу керек. Ал кайсы жерде катталганына карабай Социалдык фонддун бардык бөлүмдөрүнөн каттоодон өтө алат.

Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Алардын 322 миңи пенсиясын коммерциялык банктардан, калганы почта аркылуу алат.

2017-жылы “Кыргыз почтасына” пенсионерлерге кызмат көрсөткөнү үчүн 270 млн. сом, ал эми банктарга 76 млн. сом төлөнгөн. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG