Мигрантты Москва полициясы сабады
Казакстан Сириядан алып келген жетим балдардын ДНКсын текшергени жатат. Кыргызстан футболчулары Азия кубогунда Бириккен Араб Эмираттарынын командасы менен беттеште жеңишке жеткен жок, бирок келечекке үмүт жаратты. Москванын полициясы тажик мигрантын токмоктоп салды. Өзбекстандын экс-президентинин мурунку күйөө баласы Швейцар банкындагы акчага ээлик кылууга умтулууда. Тажикстандын уламалар кеңеши эркектерге жигиттик күчтү көтөргөн дары-дармектерди ичүүгө уруксаат берди. Казакстанда бүтпөй калган чыгармалардын көргөзмөсү ачылды.