Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:40

Түркмөнстанда борошодон улам жолдор жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түркмөнстандын Дашогуз жана Балкан облустарында нөшөрлөгөн жаан карга айланып, жолдор жабылды. Электр өткөрүү линиялары иштен чыкты. Анын алдында Каспий деңизинде катуу шамал башталып, өлкөнүн борборун карай бороон-чапкын келе жатканы тууралуу маалымат тараган.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, аба ырайынын катаал шартынан улам бир катар райондор электр жарыгысыз калды. Абанын температурасы 0 градустан төмөн болуп, үйлөрдү жылытууда кыйынчылык жаралганы айтылууда. Түркмөнстанда соңку жылдары айылдарга кышында жаратылыш газы берилбей калган.

Редакциянын маалыматына караганда, тез-тез кар жаап жаткандыктан, акыркы 10 күндөн бери кыштактарды бириктирген автожолдор жабылды. Мал-жандык өлүп жатканы тууралуу да кабарланды. Маалыматты расмий тараптан тастыктоого азырынча мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG