Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Конгрессмендер АКШнын НАТОдон чыгышына каршы болушту


АКШ Конгрессинин имараты.
АКШ Конгрессинин имараты.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасы АКШнын НАТОдон чыгып кетишине бөгөт койгон мыйзам долбоорун кабыл алды. Долбоорго Конгресстин демократтар көпчүлүктү түзгөн төмөнкү палатасынын 357 мүчөсү колдоп добуш берди. 22 республикачы каршы чыкты. Документ эми Сенаттын кароосуна жиберилди. Конгресстин жогорку палатасын республикачылар көзөмөлдөшөт.

Добуш берүүнүн алдында өткөн басма сөз жыйынында демократ мыйзам чыгаруучулар АКШнын НАТОдогу мүчөлүгүн токтотуу боюнча президент Трамптын планына тынчсызданып турганын билдиришкен.

Трамп буга чейин Түндүк-Атлантикалык альянстагы өнөктөштөрү коргонууга жетиштүү акча бөлбөй жатышканын айтып сындаган. НАТО 70 жыл мурун Кошмо Штаттардын, Канаданын жана алардын Европадагы өнөктөштөрүнүн катышуусу менен СССРге аскердик жактан каршы туруу максатында түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG