Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:31

Москва: Путин менен Эрдоган Сирия маселесин талкуулашат


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбалда жолугушкан учуру. 19-ноябрь, 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Стамбалда жолугушкан учуру. 19-ноябрь, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 23-январда Москвада кездешет. Анкара билдиргендей, эки лидер Сириянын түндүгүндөгү “коопсуздук тилкелерине” көңүл бурушат.

Эрдоган менен Путиндин жолугушуусун утурлай Кремл тараткан билдирүүдө президенттер “Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу жана ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулай турганы” айтылат.

Сирияда жарандык согуш башталганына мартта сегиз жыл толот. Орусия жана Иран куралдуу жаңжалда президент Башар Асадды колдосо, АКШ менен Түркия өкмөткө каршы күрөшкөн козголоңчулардын таламын талашып келатышат.

Бирок АКШ президенти Дональд Трамп Сириядан 2000 аскерин чыгарып кетерин күтүүсүздөн жарыялаган соң Орусия менен Түркия согуш болуп жаткан аймактарда аскердик операцияларын координациялоону макулдашкан.

Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскери жайгаштырылган. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келген.

XS
SM
MD
LG