Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Дин комиссиясынын өкүлү кастыкты козутуу экстремизм экенин эскертти


Эстеликтерди жаңылоо учуру.
Эстеликтерди жаңылоо учуру.

Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндө эстеликтерди ким талкалаганы аныктала элек. Аймакта элге түшүндүрүү жана эстеликтерди жаңылоо иштери уланууда.

23-январда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адистеринин, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улут аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, милиция кызматкерлеринин, жергиликтүү бийликтин жана дин өкүлдөрүнүн катышуусунда Тамчы айыл аймагында эл менен жолугушуу болду.

Тургундарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, коомдогу туруктуулукту, конфессия аралык ынтымакты, улут аралык мамилени бекемдөө жана бейбаштыктын себептери, маселени чечүүнүн жолдору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

- Биз бардык динге бирдей мамиле кылган дүйнөбий мамлекетте жашайбыз. Адам диний же улуттук негизде кемсинтүүгө кабылбашы керек. Кыргызстандын мыйзамында диний же улуттук түшүнүктөн улам зомбулук жасоого үндөгөн чакырыктар экстремисттик ишмердүүлүк катары каралат. Биз андыктан ар кыл дин өкүлдөрүнүн мамилелерин жана бири-бирине болгон урмат-сыйын өнүктүрүшүбүз керек, —деди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган 91 эстеликти талкалап кетишкен. Көрүстөндүн жалпы аянты бир жарым гектар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөкөрлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган. Облустук милициянын басма сөз кызматы окуя иликтенип жатканын, ким жасаганы аныктала элек экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG