Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:08

Азия кубогу: Мурзаевдин голу “мыкты гол” аталышы мүмкүн


Мирлан Мурзаевдин голу
Мирлан Мурзаевдин голу

Азия кубогунун 1/8 финалдык бөлүктөгү оюндарынын эң мыкты голуна добуш берүү жүрүүдө. Бул үчүн АФК алты голду тандап алды. Алардын арасында Кыргызстандын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин Бириккен Араб Эмираттарынын дарбазасына киргизген голу да бар.

Мурзаев 21-январдагы оюнда Бириккен Араб Эмираттарынын дарбазачысын алдап өтүп, топту таамай багыттап, эсепти 1:1 кылган эле. Бул оюнда Кыргызстан талаа ээлерине 3:2 эсебинде утулуп калган.

Добушка коюлган алты голдун арасында араптардын Кыргызстанга киргизген голу да бар. Анда Бириккен Араб Эмираттарынын чабуулчусу Али Мабхут дарбазачы Кутман Кадырбеков менен жекеме жеке калып, өз аракетин голго айланткан.

Тандоого коюлган гол ээлеринин тизмеси төмөндөгүдөй:

Баха Абделрахман, Иордания - Вьетнам оюну;

Нгуен Конг, Вьетнам - Иордания оюну;

Ким Джи Сун, Түштүк Корея - Бахрейн оюну;

Бассам Аль Рави, Катар – Ирак оюну;

Али Мабхута, Бириккен Араб Эмираттары – Кыргызстан оюну;

Мирлан Мурзаев, Бириккен Араб Эмираттары – Кыргызстан оюну.

Добуш берүү АФКнын расмий сайтында жүрүүдө. Азырынча Вьетнам оюнчусу Нгуен Конгдун голу көбүрөөк добуш менен алдыда келе жатат.

Футболчуларга добушту ушул жерди басып, шилтеме аркылуу кирип берсе болот. (SDz)

XS
SM
MD
LG