Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

Фархад Бекманбетов Мамлекеттик цирктин директору болду


Фархад Бекманбетов.

Фархад Бекманбетов Мамлекеттик цирктин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 24-январда кол койгонун маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өзү билдирди:

- Буйрукка бүгүн кол коюп, эртең менен эмгек жамаатына тааныштырдым. Жаңы директор шайланды, эми ынтымакка келип иштеш керек. Эч кандай чыр болгон жок. Баары жакшы.

Фархад Бекманбетов 2016-2017-жылдары маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп иштеген.

23-январда Мамлекеттик циркте эмгектенген 30дан ашуун артист, труппа жетекчилери иштен кетүү боюнча министрдин атына арыз жазышкан. Бирок Жаманкулов арызды министрге жазуу мыйзамсыз болорун, бул иш менен директор алектениши керек экенин билдирди.

Ушул дүйшөмбү күнү Мамлекеттик цирктин 20дай кызматкери Жогорку Кеңештин имаратынын алдында нааразылык иретинде оюн-зоок уюштурган. Акцияга катышкандар эки айга жакын убактан бери жетекчи дайындалбай жатканына, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов цирктин жамааты сунуш кылган Аида Акматованын талапкерлигине каршы болуп жатканына нааразы экенин айтышкан. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG