Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

Улуттук опера жана балет театрынын жетекчиси кызматтан алынган жок


Опера жана балет театрынын имаратына илинген жарнама.

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын жетекчиси Болотбек Осмоновдун кызматтан алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабарлады. Ал Болотбек Осмоновдун жоопкерчилигин кароо боюнча премьер-министрдин атына кат жөнөткөнүн, азырынча жооп келе элек экенин айтты.

Бүгүн социалдык тармактын колдонуучулары Болотбек Осмонов кызматтан алынганын жазып чыгышкан.

Өткөн жумада Улуттук опера жана балет театрында "Dota-2" тармактык компьютер оюндарынын мелдеши болуп, ал театр сүйүүчүлөрдүн сынына кабылган. Кийинчерээк Жаманкулов театрдын жетекчилигинин кызматтык жоопкерчилиги каралаарын билдирген.

"Dota 2" киберспорту - спорттун дүйнөлүк алкакта таанылып бараткан жаңы түрү. 2016-жылы Кыргызстанда Киберспорт федерациясы түзүлгөн.

2015-жылы Опера жана балет театрынын сахнасына дасторкон жайылып, жеке адамдын урматына шаан-шөкөт өткөнү, ага аткаминерлер да катышканы катуу сынга кабылган эле. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG