Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Ананьеводогу көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар табыла элек


Талкаланган эстеликтер.
Талкаланган эстеликтер.

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кеткендер табыла элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, шектүүлөрдү издөө иштери уланып жатат.

"Бул иш алгач Жоруктар жөнүндө кодекстин 131-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бул жерде кылмыштын оорчулугуна байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине которулуп кетти", - деп айтылат маалыматта.

11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган 91 эстеликти талкалап кеткен. Көрүстөндүн жалпы аянты 1,5 гектар.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөкөрлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган. (AsM)

XS
SM
MD
LG