Киевдеги сот мурдагы президент Виктор Януковичти мамлекеттик чыккынчылык үчүн айыптуу деп таап, сыртынан 13 жылга кести.
Экс-президентке "мамлекеттик чыккынчылык”, “баскынчыл согушка жардам берүү” жана “Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузуу” беренелери боюнча айып тагылган.
Киев сотунун 24-январда чыгарган өкүмүнө ылайык, Януковичке эки айып - “мамлекеттик чыккынчылык”, “баскынчыл согушка жардам берүү” беренелери боюнча тагылган күнөөлөр далилденди.
Судья Владислав Девятко "Украинанын Кылмыш кодексинин “чыккынчылык”, “баскынчыл согушка жардам берүү” беренелерине ылайык, айыпталуучунун күнөөсү далилденди, - деди өкүмдү угузуп жатып.
Былтыр ноябрда Украинанын экс-президентинин адвокаты Янукович ооруканага жатып калгандыктан, сот процессине видео байланыш аркылуу да катыша албай тургандыгын билдирген.
Киев соту 5-декабрда Януковичке ооруканада жаткан жеринен акыркы сөзүн айтууга уруксат берген, бирок мурдагы мамлекет башчы андан баш тарткан.
Виктор Янукович 2014-жылы Киевдеги нааразылыктардан кийин бийликтен кулатылган. Ушул окуядан соң Орусия Крымды аннекциялап, Донбасста согушкан орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөткөн.