Соломон аралдарында 26-январдагы жер силкинүүнүн күчү 5,6 баллга жетти. Термелүү Бишкек убактысы боюнча саат 9:07де катталганын "Интерфакс" Алтайдагы Геофизикалык кызматка таянып кабарлады.
Термелүүнүн очогу Тынч океанда, Соломон аралдарынын борбору - Хониара шаарынан 639 чакырым алыста, Нендо аралына 30 чакырым жакын жерде болду. Геофизикалык кызмат муну "өтө катуу силкинүү" деп баалады.