Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Индонезияда ташкындан жана көчкүдөн улам 68 киши курман болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Индонезиянын Борбордук Сулавеси аймагында ташкындан жана көчкүдөн улам 68 киши курман болуп, 47 адам жабыркады. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги жекшембиде расмий кабарларга таянып билдирди.

"France-Presse" агенттиги болсо 25 адам дайынсыз экенин, үч миңдей тургун үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгонун жазды.

Узакка созулган нөшөрдөн улам ташкын болуп, бийлик дамбаны ачууга мажбур болгону айтылууда. Бул кадам аргасыздан жасалганы, болбосо нөшөрдүн кесепети мындан да трагедиялуу аякташы мүмкүн болгону кабарланды.

XS
SM
MD
LG