Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Саратовдо кафедеги кырсык бир өмүрдү кыйды


Орусиянын картасы.
Орусиянын картасы.

Орусиянын Саратов облусундагы кафеде эки жолу жарылуу болуп, бир киши каза тапты. 11 адам жабыркап, ооруканага түштү.

ТАСС агенттиги облустук прокуратурага таянып билдиргендей, Лысые горы айылындагы "Рандеву" деген кафеде газ баллону жарылган. Кырсык 26-январда болгон. Ал жерде бир тургундун 60 жылдык мааракеси өтүп жаткан. Туулган күн ээсинин көп жери күйүп, ооруканада көз жумду.

Кафедеги коопсуздук чараларын аныктоо үчүн тергөө башталды.

XS
SM
MD
LG