Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Германия Ленинград блокадачыларына 12 миллион евро бөлдү


Ленинград блокадасы, 1942-жыл.

Германия бөлгөн 12 миллион доллар Санкт-Петербург шаарындагы ардагерлер үчүн ооруканаларды модернизациялоого жумшаларын "Азаттыктын" орус кызматы кабарлады.

Орусиядагы немис элчилигинин билдиргенине караганда «Ленинград блокадасы бүтүндөй бир шаарга жана анын калкына каршы карасанатай кылмыш катары тарыхка киргени» айтылат.

Ал эми блокаданы баштан өткөргөндөргө жардам берүү «немис элинин атынан мындай мыйзамсыздык үчүн жоопкерчиликти моюнга алуу» экени белгиленет.

Мурдараак немистердин таасирдүү "Süddeutsche Zeitung" гезити орус бийлигинин Ленинград блокадасынын аякташынын 75 жылдыгынын урматына аскердик жүрүш өткөргөнүн сындаган.

Мамлекеттик Думанын депутаты Сергей Боярский гезитке чыккан макалага жооп берип, «биздин майрамдар жөнүндө сөз болуп жатканда орустарды немистердин эмне деп жатканы кызыктырбайт» деп айтты.

Жекшембиде Санкт-Петербург шаарында Ленинград блокадасынын аякташынын 75 жылдыгы белгиленди. Экинчи Дүйнөлүк согушта Ленинград шаары 872 күн ачкачылыктын кучагында калган. Ошол кезде ар кандай эсептер боюнча 600 миңден 1,5 миллионго чейин киши курман болгон. Алардын дээрлик бардыгы тамак-аш тартыштыгынан улам жарык менен кош айтышкан.

XS
SM
MD
LG