Бишкекте Чоң Чүй каналына түшүп кеткен төрт жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына ылайык, окуя 27-январда Бишкектин Ауэзов көчөсүндө болгон. Кыздын сөөгүн 28-январда бир туугандары табышкан. Бирок куткаруучуларга ал тууралуу маалымат берилген эмес.
Ага чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүп жаткан. (BTo)