Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:00

Төрөбаев: саясий куугунтукка кабылгандардын иши кайра каралышы зарыл


Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев камакта отурган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана башка саясатчылардын иши кайра каралышы керек экенин айтты. Ал бул тууралуу “Фейсбукта” партиянын баракчасы аркылуу түз эфирде билдирди.

- Садыр Жапаров, Өмүрбек Чиркешович Текебаев жана жалпы эле саясий куугунтукка кабылган саясий ишмерлер бар. Башкы прокурор жана башка укук коргоо органдары бул иштердин баарын жаңы ачылган жагдайдын негизинде кайрадан карап чыгып, сотко жибериши керек. Мен муну мурда да айткам, - деди Төрөбаев.

Коррупцияга байланыштуу айыпталып, сегиз жылга соттолгон Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү жөнүндө экс-президент Роза Отунбаеванын жана парламенттеги алты фракциянын лидерлеринин кайрылуусун кароодон президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча катчылык 10-январда баш тарткан. Катчылык айыпталуучу өзү ырайым сурамайынча иш каралбай турганын билдирген.

Садыр Жапаров "Караколдогу митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде камалып 11 жыл, алты айга кесилген. 2018-жылдын июнунда Жогорку сот ал боюнча мурдагы инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG