Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Бразилия: кенде каза тапкандардын саны 60ка жакындады.


Куткаруучулар издөө иштерин тик учак менен жүргүзүп жатышат. 27-январь, 2019-жыл. Бразилия.
Куткаруучулар издөө иштерин тик учак менен жүргүзүп жатышат. 27-январь, 2019-жыл. Бразилия.

Бразилиянын Минас-Жерайс штатындагы кенде болгон кырсыкта каза тапкандардын саны 60 кишиге жакындады. 300дөн ашык кишинин дайыны белгисиз.

25-январда кечинде кендеги дамба жырылып, ылай аралаш сел жүздөгөн жумушчу тамактанып жаткан кафени басып калган.

Кырсыктан төмөнүрөөк жерде жайгашкан дагы бир дамба бузулуп, баткактын агымы дыйкандардын чарбаларын, кенчилер жашаган үйлөрдү каптаган. Сырткы дүйнөдөн кесилип калган жергиликтүү тургундарды тик учактар менен тиешелүү кызматтар коопсуз жайларга көчүрүштү.

Бирок аймактагы дагы бир дамба бузулушу мүмкүн деген кооптонуудан улам бийлик жекшембиде тирүү калгандарды издөө жана көчүрүү иштерин убактылуу токтотуп, бир нече сааттан кийин жандантты.

Куткаруу иштерине жергиликтүү ыктыярчылар жана чет өлкөлөрдөн келген адистер да катышып жатат.

Бразилиядагы ири кен казуучу "Вале" компаниясына таандык дамба эмне себептен бузулганы азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG