Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:40

"Facebook" шайлоого кийлигишүүгө каршы жаңы чараларды киргизет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Facebook" социалдык тармагы шайлоого кийлигишүүгө каршы күрөшүү максатында жаңы чараларды киргизерин жарыялады.

Бул билдирүү Европарламентке өтө турган шайлоону утурлай таратылды. 28-январда компаниянын расмий өкүлү Николас Клегг март айынын соңунан тартып саясий жарнаманы жайгаштырыш үчүн авторизация керек болорун билдирди.

Клеггдин айтымында, жаңы эрежелер өз алдынча талапкерлердин, саясий партиялардын жарнамаларына тиешелүү. Ошондой эле ал коомчулуктун кызыгуусун жаратып жаткан, мисалы миграция сыяктуу темаларга да жайылтылары маалым болду.

Андан тышкары саясий жарнаманын өзү, ал үчүн ким төлөгөнү жана кайсы аудиторияга багытталганы тууралуу маалымат жети жыл бою өчүрүлбөйт.

АКШнын атайын кызматтары Орусия бул социалдык медиа компаниялары аркылуу 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө аралашууга аракеттенген деп эсептешет.

Апрель айында «Фейсбук» компаниясы Орусиядагы «троллдор фабрикасына» байланышы бар экени маалымдалган 250дөн ашык баракчаны жапты. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалыматтарды таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG