Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Азия кубогу: Жапония финалга чыкты


Жапония - Иран оюнунан.
Жапония - Иран оюнунан.

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун жарым финалдык оюндары жүрүүдө. 28-январдын кечинде жарым финалдын биринчи жубу – Жапония менен Ирандын футболчулары ойношту.

Бул мелдеште жапон футболчулары ирандыктарды 3:0 эсебинде утуп, финалга чыккан алгачкы команда болду.

29-январда кубоктун алкагында Катар менен Бириккен Араб Эмираттарынын футболчулары ойношот. Уткан команда финалда Жапония менен биринчи орун үчүн ойномокчу. Катар – БАЭ оюну Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20:00дө башталат.

Азия кубогунун финалы жума күнү, 1-февралда өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG