Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

Пакистанда полиция бөлүмүнө кол салуу болду


Белужистан провинциясынын Лоралай районундагы полиция автоунаасы.
Белужистан провинциясынын Лоралай районундагы полиция автоунаасы.

Пакистандын Белужистан провинциясында белгисиз кишилер полиция бөлүмүнө кол салып, кеминде он киши жарадар болду.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, кол салуу шейшембиде болгон. Куралдуу төрт киши Лоралай районунун башкы инспекторунун орун басарынын кеңсесин аткылап, жардыруу уюштурган.

Жабыркагандардын сегизи полиция кызматкерлери экени кабарланды. Үч кызматкер каза болгону да маалымдалып жатат. Бирок бул кабар азырынча тактала элек.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким моюнга ала элек.

Лоралай району Белужистан провинциясынын административдик борбору Кветтадан түндүк-батыш жакта, 260 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кен байлыктарга бай Белужистан провинциясы Ооганстан жана Иран менен чектешет. Аймакта радикал исламчылардын, козголоңчу кыймылдардын чабуулдары көп катталат. Мындай көрүнүштөрдөн 2004-жылдан бери миңдей адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG