Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Германияда Ирактын үч жараны террорчулукка шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Германияда Ирактын үч жараны террордук иштерди пландаган деген шек менен кармалды.

Расмий маалыматка ылайык, 30-январда колго түшкөн кишилер радикал исламчыл топтордун мүчөсү экенин билдиришкен.

- Аларды федералдык полиция жана кылмыш иштери боюнча федералдык агенттик Дитмаршен районунда кармады. Экөө 2018-жылдын аягынан бери террордук иштерди пландап келаткан, бирөө аларга жардамдашкан деп айыпталууда, - деди Германиянын федералдык прокурорунун басма сөз катчысы Фрауке Келер.

Колго түшкөндөр "Ислам мамлекети" террордук тобунун өкүлдөрү экени айтылганы менин азырынча ага далил жок. Аларга чет элдеги террордук уюмдардын мүчөсү деген айып коюла элек.

XS
SM
MD
LG