Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, акыркы убактарда социалдык тармактарда министрликтин линиясы аркылуу АКШга "атайын квотанын" негизинде жумушка орноштуруу мүмкүнчүлүгү ачылганы жөнүндө маалыматтар тараган. Бул маалыматтар боюнча алдамчылар АКШга виза ачып берүү жана ишке орноштуруу үчүн жарандардан 15 миң доллар өлчөмүндө акча сурашат.
ТИМ бул маалыматтар жалган экенин билдирип, жарандарды чет өлкөлөргө ишке орноштурууга убада берген түрдүү адамдарга ишене бербөөгө чакырды.
Буга чейин "чет мамлекеттерден иш таап беребиз" деген адамдарга ишенип, Түркия, Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө көчөдө калып же кулчулукка кабылган кыргызстандыктар көп болгон. (ZKo)