Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:37

Ысык-Көл облусунда 500дөй бала эмдөөдөн өтө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн “Азаттыкка” билдиргенине караганда жалпы облус боюнча 457 бала эмдөөдөн өтпөй турат.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча алардын ичинен 390 бала диний көз караштан улам, 55 бала ата-энеси эмдөөдөгү коопсуздуктан шек санагандыктан, төрт бала эмдөөнүн пайдасы жөнүндө маалыматы жоктугунан жана сегиз баланын ата-энеси ар кандай себептерден улам баш тартканын айтышкан.

Социалдык адистердин түшүндүрүү иштеринен соң 390 баланын ичинен 31 баланын ата-энеси балдарын эмдөөдөн өткөргөн. (AsM)

XS
SM
MD
LG