Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 13:47

Европарламент Гуайдону Венесуэланын утурумдук президенти деп тааныды


Венесуэла оппозициясынын лидери Хаун Гуайдо президент Мадуронун бийлигине каршы жүрүштө. 30-январь, 2019-жыл.

Европанын парламенти оппозициялык лидер Хуан Гуайдону Венесуэланын «жалгыз жана мыйзамдуу утурумдук президенти» деп тааныды. Мурдараак Евробиримдик президент Николас Мадуро сегиз күндүн ичинде мөөнөтүнөн эрте шайлоо жарыялабаса, ушундай кадамга барарын эскерткен. Мадуро европалыктардын мындай талабын кескин четке каккан.

Венесуэлада «эркин жана таза шайлоо» өткөргөнгө чейин Гуайдону "утурумдук президент" деп таануу тууралуу чечимди Европарламенттин 439 мүчөсү колдоду, 104 депутат каршы чыгып, 88и арсар добуш берди.

Парламентарийлер Каракастагы нааразылык акцияларында зордук-зомбулукка жол берилгенин айыптап, адам укуктарын бузууну токтотуп, күнөөкөрлөрдү жоопко тартууну талап кылышты.

АКШ Венесуэла парламентинин төрагасы, оппозициялык лидер Гуайдону “өлкөнүн президенти” деп биринчилерден тааныган.

Орусия баштаган бир катар өлкөлөр президент Николас Мадурону колдоп жатышат. Мурдараак Венесуэланын Жогорку соту Гуайдого өлкөдөн чыгууга тыюу салып, анын банк эсептерин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган.

Дүйшөмбүдө АКШ Венесуэланын PDVSA мунай компаниясына санкция киргизип, жети миллиард долларлык активин камакка алган. АКШ ошондой эле Гуайдого америкалык банктардагы Венесуэланын мамлекеттик эсептерин пайдаланууга жол ачкан.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG