“Роскомнадзор” мекемеси Британиянын ББС дүйнөлүк жаңылыктар кызматы (BBC World News) Орусиядагы ишмердигинде “мыйзам бузганын” билдирди.
Мекеменин басма сөз катчысы Вадим Ампелонский 31-январда “Роскомнадзор” мекемеси “кандай чара көрөрүн кийинчерек билдирет" - деди. Ошол эле маалда расмий өкүл кандай мыйзам бузуулар табылганын айткан жок.
Бул мекеме жыл башынан тарта ББС кызматы исламчыл экстремисттерди “жарнамалоо” менен Орусиянын "мыйзамын бузду" деген кине боюнча текшерүү баштаган.
"Роскомнадзор" дүйнөлүк кызматтын 14-31-январга чейинки программасын карап чыгарын билдирип, компаниядан бардык зарыл документтерди сураткан.
Былтыр декабрда "Роскомнадзор" BBC World News жана орус кызматынын ишин жана веб-сайттарын текшере баштаган.
ББС компаниясы «өз аудиториясына бейтарап кабар жеткирүү үчүн Орусияда мыйзамга жана эрежелерге ылайык иш жүргүзөрүн» билдирген.
Былтыр декабрда Британиядагы радио-телеканалдардын ишине көз салган "Ofcom" мекемеси Кремль каржылаган "Russia Today" телеканалы жети жолку программасында “бейтарап маалымат таратуу эрежелерин бузду” деп тапкан.