Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Тармактык комитет Сот тандоо кеңешинин мүчөлөрүнө маяна чегерүүнү колдоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Судьяларды тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүнө ай сайын акы чегерүүнү камсыз кылган мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештен алынды.

Мыйзамдын демилгечилери - депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Курманкул Зулушев. Алар “Судьяларды тандоо боюнча кеңеш жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылышууда.

Парламенттин басма сөз кызматы Төрөбай Зулпукаровго таянып билдиргендей, мыйзам ишке кирсе кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн кошумча кызматтарынан бошотулат.

“Сотторду тандоо кеңеши учурда 9 адамдан турат, ага үч судья жана алты адвокат кирген. Азыр адвокаттардын өз кесиби боюнча иштешине тыюу салынгандыктан, алар материалдык жактан кыйналып турушат. Ошондон улам аларга ай сайын 25 миӊ сомдон сый акы берүү жөнүндө сунуш киргизилди”, - деди Зулпукаров 4-февралдагы комитеттин жыйынында.

Сотторду тандоо кеңешинин жаңы курамы 2017-жылдын 21-декабрында бекитилген. Мурда бул кеңештин 24 мүчөсү болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG