“Кыргызгидромет” агенттиги билдиргиндей, 5-февралда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда бурганак болот. Жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5,
Нарын жергесинде түнкүсүн -18...-23, күндүз -5...-10,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндуз -10...-15 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн температура -3…-5, күндүз 7…9 градус болот.