Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Москвада ооган коомунун өкүлдөрү катышкан сүйлөшүү башталды


Москвадагы ооган диаспорасынын жетекчилеринин бири Гулам Мохаммад Жалал. 4-февраль, 2019-жыл.
Москвадагы ооган диаспорасынын жетекчилеринин бири Гулам Мохаммад Жалал. 4-февраль, 2019-жыл.

Москвада Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча эки күндүк сүйлөшүү башталды. Ага ооган коомунун кадыр-барктуу өкүлдөрү, анын ичинде мурдагы президент Хамид Карзай катышууда. Бирок ооган өкмөтүнөн эч ким келген жок.

Москвадагы жолугушууну Кабул администрациясы сындаганы менен ал 17 жылдык согушту тынчтык жолу менен токтотуунун кеңейтилген жолу катары бааланып жатат.

Батыш маалымат каражаттарынын баамында, тынчтык сүйлөшүүлөру илгерилеп баратат. Кремль бул жолугушууну уюштурууга тиешеси жок экенин билдирип, жоопкерчиликти Москвадагы ооган диаспорасына жүктөдү.

Адистердин айтымында, мындай маанидеги жолугушуу Кремлдин макулдугусуз өтмөк эмес.

Эки жума мурунку АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн Катардагы жолугушуусу алты күнгө созулду.

«Нью-Йорк Таймс» басылмасы Халилзадга шилтеме кылып, Катардагы жолугушууда АКШ менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү өз ара макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкенин жазды.

30-январда “Талибандын” басма сөз катчысы Сухаил Шахин куралдуу кыймыл келечекте бийликти толук ээлеп албай, мамлекеттик институттар менен кошо иш жүргүзөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG