АКШнын президенти Дональд Трамп Конгрессте жылдык кайрылуусун жасайт. Америкалык лидер өз сөзүндө иммиграцияга, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга жана Кошмо Штаттардын экономикасына көңүл бурмакчы. Ушул тапта Конгресстеги демократтар менен Ак үйдүн саясий кармашы күчөп турат.
5-февралда Трамп Конгресттин биргелешкен жыйынында өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтоткон АКШнын тарыхындагы эң узак “шатдаундан" кийин сүйлөгөнү турат.
Кошмо Шаттарда президент жыл сайын Конгрессте өлкөдөгү кырдаал тууралуу баяндама жасайт. 29-январда Трампка Конгресстин төмөнкү палатасына келип сүйлөөгө чакыруу жиберилген. Бирок Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өкмөттөгү “шатдаунга” байланыштуу "коопсуздуктан улам" деген жүйө менен президентти чакыруудан баш тарткан.
Трамп өлкөнүн түштүк чек арасына дубал куруш үчүн Конгресстен беш миллиарддан ашык доллар сураган. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар буга макул болгон эмес.