Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

"Бомба" тууралуу кабардан улам авиакаттамдар кечигүүдө


"Манас" аэропортуна илинген сааттар.

Бишкектин четиндеги "Манас" эл аралык аэропортуна "бомба коюлганы" тууралуу маалыматтан улам айрым каттамдар кечигип жатат. Аба майданынынын имаратынан бардык адамдар сыртка чыгарылган, издөө-иликтөө иштери уланууда.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, саат 17:05те Бишкек-Москва багытындагы каттам учушу керек эле. Жагдайга байланыштуу ал кармалууда. 18:05те Бишкек-Новосибирь багытына учак кетиши керек. Анын жол тартышы да кырдаалга байланыштуу болот.

Жадыбалга ылайык, саат 18:45те Ошко, 19:50дө Красноярскиге, 20:15те Алматыга жөнөчү каттамдар бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, аэропортко "жардыргыч зат коюлганы" жөнүндө 5-февралда саат 15:09дө маалымат түшкөн. Азыр маалымат берген адамдын да тек-жайы аныкталып жатат.

Кыргызстанда кай бир мекемеге, соода борборлоруна "бомба коюлганы" тууралуу күч органдарына телефондон буга чейин да көп маалымат берилген, бирок алар жалган болуп чыккан. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG