Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстандагы орус аскердик базасын бул өлкөнүн “коопсуздугунун маанилүү фактору” деп атады.
5-февралда Лавров Дүйшөмбү шаарында тажикстандык кызматташы менен жолуккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Москва Тажикстандын Куралдуу күчтөрүн модернизациялоого жана “чек арасын бекемдөөгө” көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Өз сөзүндө Орусиянын башкы дипломаты “Ооганстандын аймагынан келген коркунучтарды” белгиледи.
“Тажикстандын коопсуздугунун маанилүү фактору катары Орусиянын №201 аскердик базасынын ролун баса белгилегим келет”, – деди Лавров.
Жети миңдей орус аскери Дүйшөмбүдө жана Коргон-Төбөдө жайгашкан.
Лавров Борбор Азия аймагында иш сапарында жүрөт. 4-февралда ал Кыргызстанга келип, Бишкектеги басма сөз жыйынында эгер кыргыз бийлиги демилге көтөрсө, Орусия экинчи аскердик базасын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштарын билдирди.
Лавров аймактагы сапарын 6-февралда Түркмөнстанда жыйынтыктайт.