Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Ноокенде мечиттерде электр баасын арзандатуу маселеси коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абаддын Ноокен районунда 6-февралдагы элдик жыйын учурунда район имамдары мечиттер менен диний мекемелердин электр энергиясынын тарифин коммерциялык эмес багытка өзгөртүү маселесин көтөрүп чыгышты.

Алар диний мекемелер жарыкка коммерциялык баа менен 2 сом 24 тыйындан төлөп жатышканын, мечиттер коммерциялык багытта иш алып барбай турганын айтып, баа саясатын калк менен бирдей төлөөгө өзгөртүү зарыл экенин белгилешти.

Жыйынды өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү уюштурган. Облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев имамдарга маселени жазуу түрүндө жиберүүнү сунуш кылып, анын жыйынтыгында облустун атынан "Улуттук энергохолдинг" ишканасына кайрыла турганын билдирди.

Былтыр жыл башында да өкмөт диний мекемелердин, балдар үйлөрү менен интернаттардын жана башка социалдык объектилердин электр энергиясынын тарифин өзгөртүү боюнча демилге көтөргөнү менен ал ишке ашпай келатат.

Ноокен райондук администрациясынын залында өтүп жаткан жыйынга 300дөй тургун жана облустагы тармактык жетекчилер катышууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG