Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат департаментинин юристи Кыял Кенжематова “Новые лица” гезитинин башкы редактору Лейла Саралаеваны сотко берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саралаева өзү билдирди.
Анын айтымында, Кенжематова редакциядан гезиттин ар бир чыгарылышынан эки нусканы бекер берүүнү талап кылган. Саралаева мунун себебин сураганда мекеменин юристи жагдайды түшүндүрбөй, жөн гана алар милдеттүү экенин айтуу менен чектелген.
- Ал мага “мамлекет силерге тоскоол болбогону үчүн силер иш жүргүзүп жатасыңар, биз гезитти башка жол менен болсо деле алып алабыз” деди. “Эгер гезитти бербесеңер, биз тиешелүү органдарга айтабыз, алар башкача чара көрүшөт” деди. Мен муну сөз эркиндигине карата басым катары баалап, бул маселени “Фейсбукка” пост катары жазгам. Ага карата бир топ сын-пикирлер, комментарийлер болду. Ал жерде министр Азамат Жаманкулов жана министрдин мурдагы орун басары Айнура Темирбекова муну 2013-жылы чыккан буйрук менен жакшынакай түшүндүрүштү. Ошол буйруктун негизинде ар бир гезит бирден номерин министрликке бериши керек экен. Компетенттүү түшүндүрмө алгандан кийин мен постумду өчүрүп, гезиттин чыгарылыштарынан бирден нусканы министрликке жеткирип бердим. Кенжематова "менин конституциялык укугумду бузуп, телефондук сүйлөшүүнүн жашыруундугун сактабай, менин эркимден сырткары жарыялап жиберди" деп сотко даттаныптыр. Сот бизди "жарашып алгыла" дегенинен барсам, ал “мени кесиптештериме уят кылдың, кабатырланганымдан сүтүм келбей калды” деди. "Эмне кылыш керек?" десем, "кечирим сура, мага кинең жок экенин жазып, министрге кат жаз” деди. Менин оюмча ал жөн гана жумурткадан кыр издеди, ага карабай мен министрге да кат жаздым, кечирим да сурап койдум. Ага карабай мага 57 миң сом доо коюптур, - деди Саралаева.
Журналист гезитин араң чыгарып жаткан кезде юристке акча төлөөгө каражаты жок экенин, бул иште анын эч кандай айыбы жок экенин айтууда. Лейла Саралаева “Медиа полиси” институтуна укуктук жардам сурап кайрылган.
Маданият министрлигинин басма сөз кызматы “маселе боюнча юрист Кыял Кенжематова өзү гана комментарий бере алат” деп маалымат берди. Кенжематова биз бир канча ирет чалсак да телефонун көтөргөн жок.
Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. 6-февралда сот процесси болбой калып, 20-февралга жылдырылды.
“Новые лица” гезити беш жылдан бери жарык көрүп келатат. Басылма башында 3 жарым миң нуска чыкса, азыр 2 миң нускадан турат. (ErN)