Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

Бишкекте былтыр тартылган кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт


"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" фестивалынын символу. Иллюстрациялык сүрөт.
"Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалар өлкөсү" фестивалынын символу. Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы Кыргызстанда тартылган кыска метраждуу тасмалар Бишкектеги "Лаборатория СИ" деп аталган студияда көрсөтүлөт.

Анда көрүүчүлөр тасмаларды жаратуучулар менен таанышып, баарлаша алат.

7-февралга белгиленген иш-чарада көрүүчүлөргө жаш режиссерлорго Асылбек Эсенгул уулунун "Тамашалуу табышмак", Талгат Таберик уулунун "Сыйынуу", Айзада Алымбек кызынын "Өзөк" жана Ибайдулла Ажибаевдин "Мугалим" тасмасы сунушталат.

Аталган тасмалар жергиликтүү жана эл аралык кинофестивалдардын катышуучулары. Кыска метраждуу фильмдер акысыз көрсөтүлөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG