Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина "Таблиги жамаат" диний кыймылын жайылтууга салым кошуп жатат деп, Ислам изилдөө институтун күнөөлөдү.
Депутат мындай пикирин 7-февралдагы жыйында айтып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин буга көңүл бурууга чакырды.
Карамушкинанын белгилешинче, Ислам изилдөө институту жүргүзгөн иликтөөлөрдүн биринде "Жаштар арасында "Таблиги жамаатка" ыктагандар көп" деген өңүттө тыянак чыгарылып, ал коомдук талкууга коюлган.
- Алар "жаштардын көбү "Таблиги жамаат" кыймылын жактайт",- деп жазганы мени тынчсыздандырууда. Эмне болуп жатканын элестетип көрдүңөрбү? Муну ошол кыймылдын жаштар арасында популярдуулугун ашырууга аракет деп эсептейм. Мен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылып, Ислам таануу институтунун ишмердигин карап, алар жүргүзгөн изилдөөнүн чоо-жайын текшерүүнү суранам,- деди депутат.
Ислам изилдөө институту жаштардын радикализмге азгырылышынын күңгөй-тескейине баа берген изилдөөсүн 2017-2018-жылдары жүргүзгөн. Ага катышкан адистердин билдиришинче, анда бир катар диний уюмдардын аталышы жазылып, жаштардын көбү "Таблиги жамаатты" жакшы билерин айтышкан.
Евробиримдик каржылаган изилдөөнүн жыйынтыгы коомдук талкууга коюлган эмес, бирок быйыл январдын аягында Интернетке чыгарылган.
“Таблиги жамаатты” ШКУ жана ЖККУ "экстремисттик уюм" деп тапкан. Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, Кытайда жана Тажикстанда анын ишмердиги сот аркылуу токтотулган.
Бирок расмий Бишкек бул уюмга тыюу салууну колдобойт жана диний саясатын өз алдынча жүргүзүп келет. Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунун тамыры Пакистан, Индия жана Бангладешке барып такалат.
Аны 1926-жылы Индияда Мухаммад Илияс аттуу адам негиздеген. Алар өздөрүн саясатка жана мамлекеттик башкаруу ишине аралашпаган, тынч, сабырдуу уюм катары айтышат. (SE)