Москвада 5-6-февралда өткөн эки күндүк сүйлөшүүгө 40тай коомдук ишмер жана “Талибандын” он жогорку жетекчиси катышты.
Ооган коомунун кадыр-барктуу өкүлдөрүн мурдагы президент Хамид Карзай жетектеп барган. Эки тараптын Ооганстандын "Tolo News" телеканалына айтканына караганда, алар сүйлөшүүнү улантуу үчүн жакынкы мезгилде Катардын борбору Дохада жолугушууну макулдашкан.
АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн эки жума мурда Катардын борбор шаары Дохада өткөн жолугушуусу алты күнгө созулган. Алардын кезектеги сүйлөшүүсү 25-февралда өтөрү айтылууда.
Мурдагы президент Хамид Карзай Москвадагы жолугушууну "канааттандырарлык" деп мүнөздөдү. “Талибандын” өкүлү Мухаммад Аббас Станикзай аны "абдан ийгиликтүү" деп баалады.
Москвадагы жолугушууга азыркы президент Ашраф Ганинин өкмөтү барбаганына карабастан, айрымдар ага "оогандардын өз ара" тынчтык жараянынын бөлүгү катары баа беришүүдө. Ашраф Гани Орусиядагы жолугушуунун башында турган Хамид Карзайга ийгилик каалады.
“Талибандын” жетекчилери Ооганстандын бийлиги менен түз сүйлөшүүлөрдөн такай баш тартып келет.