Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:35

Түштүк Корея менен АКШ аскердик машыгуу мөөнөтүн өзгөртмөй болушту


Ким Чен Ын менен Дональд Трамптын биринчи жолугушуусу. 12-июнь, 2018-жыл.
Ким Чен Ын менен Дональд Трамптын биринчи жолугушуусу. 12-июнь, 2018-жыл.

Машыгуунун мөөнөтү АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ындын экинчи жолугушуусунан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу “Ренхап” басылмасы өз булагына таянып жазды. Ага ылайык, Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен аскердик машыгуу планы эки тараптуу саммиттен кийин жарыяланат.

Сеул менен Вашингтон эки жумалык "Key Resolve" жана "Foal Eagle" деп аталган биргелешкен аскердик машыгууну март айынан апрелге чейинки аралыкта өткөрүүнү сүйлөшкөн.

Эки лидердин жолугушуусу 27-28-февралда Вьетнамда өтөт. Муну Конгресстеги кайрылуусунда АКШнын президенти тастыктаган.

XS
SM
MD
LG