Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Ошто жаңы медиа борбор ачылды


ИДАР медиа борборунун логотиби.
ИДАР медиа борборунун логотиби.

“Идея жана аракет” жоопкерчилиги чектелген коомунун алдында ИДАР медиа борбору иш баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” коомдун жетекчиси Тургунбай Алдакулов билдирди.

- Медиа борбордо үч багытта иш жүрөт: журналисттик иликтөө, медиа мектеп жана коомчулук менен кызматташуу. Учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында стипендия үчүн конкурс жарыяладык. Ошондой эле гезит чыгаруу, социалдык баракчаларды ачуу иштери кызуу жүрүп жатат, - деди Тургунбай Алдакулов.

Уюштуруучулардын айтымында, медиа борбордун маалымат саясатында үй-бүлө маселелери жана чарба жүргүзүү темасы негизги багыт болуп саналат.

Ош шаарында буга чейин эл аралык уюмдардын жардамы менен ачылган ресурстук медиа борбор (ОРЦ СМИ) иш алып барчу. Анда журналисттер жабдууну, компьютерлер менен Интернетти бекер пайдаланып жүргөн. Борбор соңку үч-төрт жылдан бери иштебей калган. (ErN)

XS
SM
MD
LG