Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:09

Өкмөт жаңы кодекстердеги кемчиликтерин жоюу иштерин баштады (видео)


Жаңы кодекстердин китеби.

Бишкекте 8-февралда Жазык-аткаруу кодексиндеги, Кылмыш-жаза кодексиндеги жана Жазык–процессуалдык кодексиндеги кемчиликтерди жоюу боюнча ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулаган тегерек үстөл өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков анда, күн мурун Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөн бул кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди. Ал депутаттардан бир катар сунуштар келип түшкөнүн белгиледи.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө катышуучулар мыйзам долбоорунун беренелери жөнүндө өз пикирлерин айтышты. Башкы прокуратуранын өкүлдөрү да бир нече сунуш киргизишти.

Иш-чараны өкмөт Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети менен чогуу уюштурду. Талкууга депутаттар, президенттик аппараттын, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жаңы кодекстер менен мыйзамдардын авторлору катышты.

1-январдан тартып Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Тартип бузуу жөнүндө кодекс, "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштаган. Бул мыйзамдагы айрым беренелер коомчулукта жана парламентте сынга кабылган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG