Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:38

Канадада мечиттеги алты кишини өлтүргөн киши 40 жылга кесилди


Кол салуу болгон жер.
Кол салуу болгон жер.

2017-жылы Канаданын Квебек шаарында мечиттеги алты кишини өлтүргөн канадалык жаран 40 жылга кесилди. Бул тууралуу Рейтер маалымат агенттиги кабарлады.

Сот 29 жаштагы Александр Биссоннеттке өкүмүн окуп жатып, ал "мигрант мусулмандарды жек көрөрүн" айтканын эскерди:

- Сиз алты кишинин өмүрүн алар болгону сизден айырмаланып тургандыгы үчүн кыйдыңыз. Сиздин жек көрүүңүз жана расисттик мамилеңиз алардын өмүрүнө, сиздин жана жакындарыңыздын тагдырына балта чапты. Сиз кылган кылмыш эң жогорку айыптоого татыктуу, - деди сот Франсис Хот.

Сот айыптоочу тараптын Александр Биссоннетти 150 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн четке кагып, мындай өкүм Канада өлүм жазасынан баш тарткандан берки тарыхындагы эң катаал өкүм болмок деп айтты.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 2017-жылдын 29-январында болгон бул окуяны террордук акт катары сыпаттаган. Анда Биссоннетт Квебек шаарындагы мечитке кирип барып куптандан кийин сүйлөшүп отурган 40 эркекке жана төрт балага ок чыгарган. (KR)

XS
SM
MD
LG