Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

10-февралга карата аба ырайы


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

9-февралдан 11-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунда, Төө-Ашууда, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Чапчыма ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

10-февралда өлкө аймагында түнкүсүн кар жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6,

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8,

Жалал-Абад жана Ош облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз -1…+4,

Нарын аймагында түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6,

Баткенде түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

10-февралда Бишкек жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-6°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° жылуу болушу күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -29…-34, күндүз -8…-13 градус болот.(KR)

XS
SM
MD
LG