Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Стандартка туура келбеген жеке менчик бала бакчаларга эскертүү берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, жеке менчик бакчаларда рейд жүрүп, талапка ылайык келбеген алты бакчага эскертүү берилди. Мекеменин адиси Нуризада Касымова “Азаттыкка” азыр мыйзамсыз, лицензиясы жок иштеп жаткан бала бакчаларды аныктоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

- Азыркы учурда текшерүүдөн өтпөй, үйлөрүнө менчик бала бакча ачып алгандар да бар. Расмий эмес маалыматтарга караганда, Бишкек шаарында 500дөн ашуун бала бакча бар деп айтышат. Бирок бүгүнкү күндө 129 гана бакча лицензия алган. Жакында эле өкмөттөн ар бир аймактагы лицензиясы жок иштеп жаткан бакчаларды аныктап, ага лицензия алуунун жол-жобосун үйрөтүү, окутуу боюнча протоколдук тапшырма түштү. Муну менен мыйзамсыз иштеп жаткандарды жоюуга аракет кылып жатабыз.

Мындан сырткары министрлик билим берүү стандартына өзгөртүү киргизүүнү көздөп жатат. Ага ылайык, тарбиячы балдар менен иштеген адис болушу керек. Эгер педагог болсо атайын курстан өтүү талап кылынат.

Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына караганда, республика боюнча 1390 бала бакча бар. Анын 1248и мамлекеттик жана муниципалдык, 142си жеке менчик. Аларда 200 миңдей бала тарбияланып жатат. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинен бала бакча ачууга 432 лицензия берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG