Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:24

Ооганстанда дайынсыз жоголгон ноокендик жоокер тирүү табылды


Ооган согушунун убагында дайынсыз жоголгон Ноокен районунун тургуну 36 жылдан кийин тирүү табылды. Бул тууралуу ооган согушунун ардагерлеринин Жалал-Абад облустук кеңешинин төрагасы Толубай Энназаров билдирди. Анын айтуусунда, былтыр Орусиянын телеканалдарынын биринен дайынсыз жоголгон Советтер Союзунун жоокерлеринин арасынан Орозалы Кочкоровдун аты аталып, ал ооган жергесинде жашап жатканы тууралуу маалымат чыккан.

- Биздин республикалык кеңеш Орусиядагы кызматташтар менен бирге сүйлөшүүлөрдү жүгүзүп, алардын жардамы менен дайынсыз жоголгон досубуздун тек-жайын аныктадык. Учурда Орозалы Кочкоров Ооганстандын Чакчаран шаарындагы департаменттердин биринде электрик болуп иштеп жатыптыр. Ошол жакта үйлөнүп, эки баланын атасы экен. Ооган жеринен СССРдин жокерлери чыгарылгандан бери бир топ убакыт өтсө да ал жакта согуш басыла элек. Сырткы дүйнө менен таанышуу таптакыр мүмкүн эмес. Ошондуктан досубуз биз менен байланыша албай, Кыргызстанда эмне болуп жатканынан кабарсыз деп ойлойбуз, – деди Энназаров.

Орозалы Кочкоров - Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну, үй-бүлөдө 10 бир туугандын жетинчиси. 1982-жылы 18 жаш курагында Ооганстандагы согушка жөнөтүлүп, 1983-жылдын жаз айларында барымтага алынган бойдон дайынсыз жоголгон. Учурда ооган согушунун ардагерлер кеңеши ооганчы жоокерди туугандары менен байланыштырууга аракеттенүүдө.

Кыргызстандан ооган согушуна жети миңден ашуун аскер жөнөтүлгөн. Алардын 252си курман болуп, бир жарым миңдейи жараат алган. Алты жүзгө жакыны майып болуп кайткан. Дайынсыз жоголгон төрт жоокердин бири Орозалы Кочкоров болчу. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (15)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG