Чүй облустук соту бул иш боюнча жазылган доо арызды карап, буга чейин Панфилов райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды. Райондук сот жарандык никеде жашаган күйөөсүнө бензин чачып өрттөп жиберген аялды сегиз жылга эркинен ажыратып, жашы жете элек эки баласын аймактын социалдык коргоо бөлүмүнө өткөрүп берүү тууралуу чечим чыгарган.
Сот отурумунда айыпталуучу Анастасия (белгилүү себептер менен аты өзгөртүлгөн) күйөөсү мас абалында өзүн жана балдарын дайыма уруп-сабап келгенин айткан. Сот чечими тууралуу Жогорку соттун сайтында жазылгандай, 2018-жылы 12-июлда болгон чатакка да арак себепкер болгон.
Соттук отурумда айыпталуучу аялдын билдиргени боюнча, ошол күнү мас болуп алган күйөөсү балдарынын көзүнчө аны уруп, казанда кайнап жаткан шорпону кичинекей баласынын үстүнө төгүп салган, андан кийин ал жини менен күйөөсүнө бөтөлкөгө куюлуп турган бензинди чачып жиберип, урганын токтотпосо от коюп жиберерин айтып эскерткен. Натыйжада от чыгып кетип, күйөөсүнүн денесинин көпчүлүк бөлүгү күйүп калган. Ооруканага бир күндөн кийин гана жеткирилген күйөөсү үч күндөн соң каза болгон.
Сот отурумунда Анастасия соттон кичинекей балдары эрезеге жеткенден кийин жазасын өтөөгө уруксат берүүнү өтүнгөн. Бирок сот ага макул болгон эмес.
Чүй облустук сотунун өкүмү менен Анастасия жазасын Степное айылындагы аялдар абакканасында өтөйт.
Кыргызстандагы абактарда кармалып тургандардын 350гө жакыны аялдар. Алардын ичинен "Киши өлтүрүү" беренеси менен айыпталгандар токсондон ашат. (ZKo)