Башкырстандын Сибай шаарында абадагы күкүрттүн кош кычкылынын деңгээли белгиленген нормадан 23 эсе ашты. Бул шаарга чукул жерде кен байыткан карьер күйүп жатат.
Тургундар булганыч аба менен дем алып, өздөрүн жаман сезип жатканын жазышууда. Сибай шаарынын башчысы Рустем Афзалов «аба өтө булганган» жерде жашагандарга убактылуу Башкыр мамлекеттик университетинин жатаканасына барып турууну сунуш кылды.
Шаардын үстүн уюган зыяндуу газ былтыр ноябрь айынан бери каптап турат. «ВКонтакте» социалдык тармагында «Сибай, дем ал» деген топ түзүлгөн. Анын мүчөлөрү аймакта өзгөчө кырдаал жарыялоону, шаар бийлигинин кызматтан кетишин талап кылып жатышат.
Күкүрттүн кош кычкылы – кескин жыты бар, түссүз, уулуу газ. Абада көбөйүп кетсе, адамга жана айлана-чөйрөгө зыяны чоң. Уулуу газ адамдын дем алуу органдарын жабыркатат.
Башкырстандын экологдор кеңешинин жетекчиси Александр Веселев зыяндуу газ терезеси жабык турган батирлерден да аныкталганын билдирди.